Көздүн жоосун алган тостторду жасоону хоббиге айланткан япон кызы Эико Мори

Япон кулинардык дизайнери Эико Мори ар түрдүү кооз жана өтө даамдуу көрүнгөн тостторду жасоону хоббиге айланткан. Ал биринчи жолу кооз тостту ушул жылдын башында жасап, ошондон тарта кызыгуусу күчөгөн. Жасоо ыкмасы жөнөкөй - курамына нандын кесими, жер-жемиштер жана таттуу кремдер гана колдонулат. Мори бул тостторду жасап баштагандан тарта алардын сүрөттөрүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөй баштаган. Мурда ага катталган окурмандардын саны 5 миңге жетпесе, азыр 18 миңге жакын колдонуучу анын шилекей куюлткан даамдарына баа берип келишет.

Эико Мори өз сүрөтүн социалдык түйүндөргө жүктөөнү жактырбайт. Анын баракчасындагы 500дөн ашуун сүрөттүн дээрлик бардыгы тамак-аштар менен толукталган. Өзүнүн 4-5 гана фотосу болсо, алардын баары капталынан түшкөн же артты карап турган позада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ashamkan
2017-10-02 16:49:59
Сонун.....
+1
abdrakhmanovich
2017-10-02 17:00:39
Жөн гана жакшы коммен калтырабыз... Эртең мененкидей урушуп согушуп кетпегиле...
+6
Isco23
2017-10-02 17:02:07
Албетте сонун маанайды которо турган. Суйуктууно тартуласан гана
+4
Hadyja
2017-10-02 19:14:30
Тосттор эмес,тостерлерди.
+5
Maika
2017-10-03 11:10:02
Hadyja, тостер деп тост жасаган машинканы айтат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан