Кыргызстанда 5 партия биргеликте бийликке оппозиция болууну көздөөдө

Кыргызстанда “Ак шумкар”, “Реформа”, “Адилеттүү Кыргызстан”, “Демократиялык альянс” жана "Кыргыз либерал-демократиялык партиясы" биргеликте, бийликке каршы конструктивдүү оппозиция болууну көздөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда аталган партиялардын өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти. Бул 5 партиянын лидерлеринин айтымында, азыркы оппозициядан айырмаланып, жаңы түзүлүп жаткан оппозиция мурунку ыкма менен иш жүргүзөт, башкача айтканда, көчө демократиясын колдобойт. “Парламенттеги оппозиция колунда бар куралын натыйжалуу колдоно албай жатат. Биз сот реформаларына, кадр реформаларына көз салып, мамлекеттин социалдык-саясаттык жашоосуна активдүү катышабыз”,- дешет партия өкүлдөрү. Ошондой эле алар жаңы саясий элитанын негизи болууну көздөп жаткандарын билдиришти.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан