Бишкек шаарында жол кырсыгы катталганын окурман "Элдик кабарга" билдирди.
"ГЭС-5 аймагындагы айланып өтүүчү жолдон Хундай Портер жана Субару үлгүсүндөгү 2 унаа сүзүштү. Портердин айдоочусу каза болуп калыптыр. Окуя болгон жерде Патрулдук милициянын жана ӨКМнын куткаруучу кызматкерлери иш алып барышты", - дейт окурман. Кырсык тууралуу кийинчерээк такталарын маалымдайбыз.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.