Экс-министр Автандил Калмамбетов декларацияда 2012-жылы 561537 сом айлык алганын көрсөттү

Тапшырган декларациясына таянсак, мурдагы Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов 2012-жылы негизги иш ордунан 561 537 сом маяна алган. Экс-министр ошондой эле өзүнө таандык 326 чарчы метр аянтты ээлеген үйү жана 63,9 метр чарчы аянтты ээлеген батири бар экенин көрсөткөн. Мындан сырткары Калмамбетовдун Тойота РАФ 4 жана Субара Форестер үлгүсүндөгү жеңил унаалары жана кайсы бир компаниянын акциялык үлүшү бар. Ал эми экс-министрдин жакын туугандары бир жыл ичинде 156 484 сом киреше табышкан. 

Айта кетсек, А.Калмамбетов 2012-жылдын 6-сентябрында министр болуп дайындалып, 2013-жылдын 22-апрелинде кызматтан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан