Бүгүн, 4-октябрда дүйнөдөгү 60тан ашык өлкөдө Бүткүл дүйнөлүк жаныбарларды коргоо күнү белгиленет.

Тарыхы
1931-жылы Италиянын Флоренция шаарында жаратылышты коргоого арналган эл аралык конгресс өткөн. Табият жандыктарына кам көрүү күнүн 4-октябрда белгилөө идеясы 1226-жылдын 4-октябрында көз жумган Франциск Ассизсктин жаркын элесине багышталган. Франциск Ассизск католиктер арасында айбанаттардын коргоочусу катары баркталган адам болгондуктан, конгресстин катышуучулары 4-октябрды анын урматына Айбанаттарды коргоо күнү катары кабыл алышкан.
Жаныбарлар тууралуу кызыктуу маалыматтар:
- Батыш Европадагы көп мамлекеттерде үй жаныбарлары үй-бүлөнүн бир мүчөсүндөй эле укуктарга ээ.

- Таш крокодилдердин азыктарынын катарына кирерин билчү белеңиз? Ал крокодилдин ашказанында калып, тамактарды сиңирүүгө жардам берет.

- Киттин сүтүнүн майлуулугу 50 пайызды түзөт. Анын балдарынын салмагынын оор болушунун бирден бир себеби да ушул.

- Жаныбарлардын ичинен пилдин мээси эң чоң деп эсептелет. Адистер алардын эс-тутумунун жакшы экенин айтышат.

- Букалар дальтонизм дартынан жабыркашат.

- Үкүлөрдүн моюн омурткалары өзгөчө түзүлүштө болгондуктан, алар моюнун 270 градуска чейин бура алышат.

- Бир аары өмүрүндө 2 чай кашык бал чыгарат.

- Көпчүлүк адамдар итти ак жана кара өңдү гана көрөт деп ойлошот. Бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй алар сары жана көк өңдү айырмалай алат. Ал эми кызыл жана жашылды көп алмаштырышат. Иттин мурдунун изи адамдын бармак изиндей эле уникалдуу болот.

- Австралияда тоту куштарды сүйлөөгө үйрөткөн бир нече мектептер бар. Тоту куштардын үн байламталары жок болгондуктан алар тилинин жана тумшугунун жардамы менен сүйлөшөт. Бул канаттуу балапандарына адамдар сыяктуу эле ат коёт.
4-октябрдын жылнаамасы.