Сокулук районуна караштуу Романовка айылында айдоо аянтына курулган мыйзамсыз турак үй жана фундаменттер сүрдүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуштар айдоо багытындагы менчик жер тилкелерине уруксатсыз салынган. Арыз ээсинин негизинде, инспекторлор аталган мыйзамсыз курулуштарды буздуруу боюнча бир жылдан ашуун эскертүү, соттук териштирүү иштерин жүргүзгөн. Инспекциянын талаптарын мыйзам бузган тарап аткарган эмес. Жыйынтыгында мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча соттун чечими чыккан.
"Соттун чечиминин негизинде сот аткаруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда курулуштар атайын техниканын жардамы менен сүрдүрүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматы.