Иса Өмүркулов: "Кытай тарап менен биргеликте мектеп курууну жана муниципалдык жолдорду оңдоону пландап жатабыз"

Бүгүн, 28-майда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй менен жолугушту. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, шаар мэри жакынкы мезгилде Бишкек жана Шеньчжень шаарларынын ортосунда “Кызматташтык жөнүндө меморандумга” кол коюларын, мындай аракеттер эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрөрүн кошумчалады. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы кытай тарап менен биргеликте мектеп курууну жана муниципалдык жолдорду оңдоону пландап жатканын билдирди. Өз кезегинде элчи Бишкек шаары менен өнөктөш, кызматташ шаарлардын санын көбөйтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга бардык аракеттерди жасаарын билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан