Ысык-Көл районунда 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына айыпталгандар эки айга тергөө абагына камалышты

Ысык-Көл районунда 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына айыпталгандар эки айга тергөө абагына камалышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Ысык-Көл райондук соту чыгарган.

Айта кетсек, 1-октябрь түнү Ысык-Көл районунда "Тез жардам" унаасы жол кырсыгына кабылып, 4 адам каза болгон. "Тез жардам" унаасы кош бойлуу аялды төрөт үйүнө алып баратканда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа артынан сүзүп, дарыгерлердин унаасы оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен "Тез жардам" унаасындагы айдоочу, фельдшер, кош бойлуу 19 жаштагы келин жана анын жанында коштоп бара жаткан тууганы кырсыктан улам көз жумушкан.

Ысык-Көл ОИИБи билдиргендей, Мерседес-Бенц унаасын 23 жаштагы Н.Жибек аттуу кыз башкарып бараткан. Ошол учурда анын жанында унаанын ээси 27 жаштагы Т.Тахир да болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалган. Ошондой элек шектүү Ысык-Көл РИИБинин тергөө бөлүмүнө 48 саатка камакка алынганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aliko78
2017-10-04 12:53:23
Куноолуулорду атуу керек. Себеби маркум болгон торт кишилер да жашагысы келет эле. Бирок бул айбандар жанын кыйды байкуштардын. Эхх....
+3
tyrgon
2017-10-05 08:54:27
соттогула он беш жылга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан