Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Суу районундагы Медресе айылынын тушунда мектеп окуучуларын ташып бараткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус менен Хонда Степ үлгүсүндөгү унаа кагылышып, 5 мектеп окуучусу жаракат алды. Кырсык 3-октябрь күнү кечки саат 18:00 чамаларында катталган. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда SUPER.KG'ге Ош ОИИББинин басма сөз кызматынын тергөөчүсү Жанна Сатарбаева кабарлады. Анын билдиришинче, жеңил унаанын айдоочусу телефонго алагды болуп жатып кичи автобус менен бетме-бет кагылышкан.
"Жеңил унаанын айдоочусунун айтымында, ал унаа башкарып баратып телефонго алаксып каршылаш тилкеде келаткан кичи автобусту сүзүп алган. Натыйжада кичи автобус оодарылып кетип, ичинде бараткан 5 окуучу жаракат алышкан. Алар облустук ооруканага жеткирилип, экөө дарыгерлердин көзөмөлүнөн соң үйүнө жиберилсе, үч окуучу ооруканага жаткырылды. Кичи автобустун ичинде 15 окуучу болгон", - деди Сатарбаева.
Ал эми факт боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып, Хонда Степ унаасы айып аянтчасына токтотулду. Учурда териштирүү жана тергөө амалдары жүрүүдө.