Ирландиянын Лимерик университетинин окумуштуулары шилекейдин жана көз жаштын курамындагы лизоцим ферменти электр энергиясын чыгара ала турганын далилдешти. Бул ачылыш тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 4-октябрда жазып чыгышты.
"Лизоцимдин кристаллдарын шилекей жана сүт бездери, көздүн былжыр чел кабыгы иштеп чыгарат. Канаттуулардын жумурткасынын белогу дагы бул затка бай. Аны табигый булактардан алса болот", - деп изилдөө иштерин жетектеген Ами Степлтон билдирген.
Окумуштуулар лизоцим ферментинин буга чейин белгисиз болгон касиетин ачышып, механикалык термелүүлөрдүн таасири менен аталган белоктон электр тогу иштелип чыгарын тастыкташкан.