Samsung компаниясы бүктөлгөн смартфон, экраны бар смарт-капчык жана ороп коюуга мүмкүн болгон сыналгыны патенттеди

Белгилүү жана ири компаниялар өздөрү ойлоп тапкан жана иштеп чыккан эмгектерин дароо патенттейт. Көпчүлүк учурда патенттер колдонулбайт, бирок мындай жол менен компания өзүн атаандаштарынан коргоп, ар кандай кырдаалдарга даяр болот.

Белгилүү Samsung компаниясы тарабынан патенттелген буюмдардын айрымдары сиздердин назарыңыздарда.

Биринчи патенттелген долбоордо экраны бар автоунаанын рулунун дизайны көрсөтүлгөн. Рулда жайгашкан экранда автоунаанын абалы тууралуу жана башка маалыматтар көрүнүп турат.

Дагы бир патенттелген долбоор ичинде экран жайгашкан смарт-капчык. Ал экранда капчыктын ээси тууралуу маалымат жайгашышы мүмкүн.

Эң кызыктуусу бул эки капталынан оролгон телевизор эсептелет. Анын көрүнүшү оролгон кагазга эле окшоп калган. Аны эки четке жайып ачып алууга болот.

Албетте, көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, бирок жарыкка чыга элек бүктөлмө смартфондор да бул тизмеде бар. Тигинен китеп сыяктуу бүктөлгөн смартфондор.

Мындан сырткары жарымынан бүктөлгөн смартфондор да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Syn4y
2017-10-04 16:34:44
ne bolot eken buktoso
-1
Isco22
2017-10-04 16:40:13
Syn4y,удобный болот да
+1
Hatali
2017-10-04 17:15:14
Эми ушундай алабыз деп куну туну иштеп калат экенбиз да.
0
ayva
2017-11-01 22:07:57
Hatali,дааа адамдын оюн ар нерсеге салышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан