Эртең мененки тамактануу инфаркттан сактайт. Мындай жыйынтыкка испаниялык окумуштуулар келишкен. Чет элдик маалымат каражаттары кабарлагандай, убагында эртең мененки тамакты ичип туруу жүрөк кан тамыр ооруларын алдын алууга жардам берет.
Окумуштуулар мындай бүтүмгө Carlos III жүрөк кан тамыр ооруларын изилдөө клиникасы тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөдөн кийин келишкен.
Окумуштуулардын билдиргенине таянсак, эгерде эртең менен биз жеген тамак организмге күнүмдүк керектелүүчү калорийлердин 5%дан кем камтыса анда жүрөк кан тамыр ооруларына чалдыгуу мүмкүнчүлүгү эки эсеге жогорулайт. Эртең мененки тамак калориялуу жана өз убагында болсо, ал адамдын организмине жакшы таасир этип, ооруларга чалдыгуу мүмкүнчүлүгүн азайтат.
Окумуштуулардын ою боюнча идеалдуу эртең мененки тамак өзүнө кофе, сүт же йогурт, томат же зайтун майы менен нан жана мөмө-жемиштерин камтыйт.