Тилинин узундугу 18 сантиметрге жеткен ит "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди

Американын Түштүк Дакота штатындагы сенбернар тукумундагы Мочи аттуу ит эң узун тилдүү деп табылып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлайт.

Маалыматта жазылгандай, Мочинин тилинин узундугу 18 сантиметрге жетет.

"Мочи аябай жоош жаныбар, эч качан адамга каарын көрсөтпөйт. Мен анын дүйнөгө рекорд койгондугуна кубанып турам, Мочи да эгер түшүнсө кубанмак", - дейт иттин кожоюну Карла Рикет.

Мочи "Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебиндеги" "Таң калычтуу жаныбарлар" бөлүмүнө кирген.

Буга чейин аталган китепке эң узун тилдүү мырза деп Стивен Тейлор аттуу киши кирген. Анын тилинин узундугу 9,8 сантиметр. Ал эми дүйнөдөгү эң узун тилдүү аял деп Шанер Тэппер эсептелинет. Анын тилинин узундугу 9,75 сантиметрге жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Dembele84
2017-10-05 10:04:27
Негритянка кыздын тили деле калышпайт го а
0
Nazaroff1974
2017-10-05 10:04:31
Менин аялымды деле киргизсе болгудай
+26
almazbei
2017-10-05 10:15:05
Nazaroff1974,++++++++++
+4
Azat.97
2017-10-05 10:52:29
Nazaroff1974,жардыныз байке++++++
+5
toma95
2017-10-05 23:23:49
Nazaroff1974,
сиз узартып аткандырсыз жон отурбай.
+1
Nazaroff1974
2017-10-05 23:39:18
toma95,мен уйлонгондо такыр ооз ачпайт эле.2 балалуу болгондон кийин кое берди.Ооз кысталак жабылбай калбадыбы тили батпай
+3
toma95
2017-10-06 10:36:26
Nazaroff1974,
кыз кезинде баары жакшы жаман катын кайдан чыгат дегендейби?Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт.Жакшы эркек жакшы аял эч качан тугойлорунун жаман жерин айтпайт.аа байке сизди эчак эле башыныздан кармап алгангоо женем э?
0
bermet104
2017-10-05 12:12:48
Жаман көрүнөт экен...
+2
pyeon hwa
2017-10-05 14:49:43
Аялдын тили узун деп журсо, эркектики узун болот тура)))
+2
Bek_abad
2017-10-06 01:05:03
Эркектин тили десениз ))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан