Москва шаарындагы Нагорный районунан муниципалдык депутат Олег Суховдун интернеттеги баракчасына жайгаштырган сүрөттөрү көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Орусиялык басылмалардын бирине берген интервьюсунда ага карата жазылган терс пикирлерди, сындарды окуганга убакыт коротпой тургандыгын жана ага такыр терикпестигин айткан.
"Мен айрым интернет колдонуучулардын пикирин түшүнбөйм, менин жарым жылаңач болуп түшкөн сүрөттөрүм эмне үчүн мынчалык чуу жаратат? Азырынча эч кандай популярдуулукту сезген жокмун. Албетте, менин сүрөттөрүмө жакшы пикирлер менен кошо сын пикирлер да жазылат. Бирок андай ойлор көңүлүмдү чөктүрбөйт. Мен 40 жаштамын, бардык абалды жайбаракат ойлонуу менен кабыл алганга көнгөм", - деген депутат.
Спорттук залда көп жылдардан бери машыгып келе жаткан Сухов акыркы мезгилдерде деңиз жээгинде түшкөн жалгыз кийимчен сүрөттөрүн да жүктөгөн. Ага карата айтылган ойлорго депутат: "Бул депутат деңиз жээгинде жарым жылаңач болуп жүргөн сүрөттөрүн жүктөп жатат, ал депутат да, деңизде костюм менен жүрүш керек болчу деген сыяктуу эле болуп жатат", - деп тамашалуу жооп кайтарган.
Мындан тышкары ал баракчасын 5 жылдан бери пайдаланып жатканын, андагы сүрөттөр буга чейин интернетке тарап кеткендигин, сүрөттөрдү баракчадан өчүргөнү менен башка сайттардан табыларын кошумчалаган. Ал эми жубайыңыз барбы деген суроого жооп берүүдөн Олег Сухов баш тартып бул маселе коомдук талкууга алынбайт, бул мага гана тиешелүү деп жооп берген.