Жантөрө Сатыбалдиев: “Кыргызстан менен Тажикстанды достук гана эмес, туугандык мамиле да бириктирет”

"Кыргызстан менен Тажикстан калкын илгертен бери достук мамиле бириктирип келет". Бул сөздү премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 28-майда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон жолугушууда билдирди. Айтымында, эки өлкөнүн элинин тарыхы бири-бири менен байланышкан. “Бизди достук гана бириктирбестен, туугандык мамиле да бириктирет. Баарыбыз билгендей, Манас баатырдын жубайы Каныкей эне тажик элинин кызы болгон”,- деди премьер-министр. Жолугушууга Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов, айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев, Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов жана энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан