Бүгүн, 28-майда президент Алмазбек Атамбаев Архитектуралык курулуш иши чөйрөсүнө тийиштүү бир катар мыйзамдарга кол койду.
Алар “КРнын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “КРда жеке турак жай курулушу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдары. Бул мыйзамдар ушул жылдын 18-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, архитектуралык курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик орган менен архитектуралык курулуш көзөмөлү кызматтарын ишке ашыруучу мамлекеттик органдын ортосундагы ыйгарым укуктары чектелет.