Декларация: Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Марат Нуралиев 2012-жылы 316848 сом маяна алган
Мамлекеттик кадр кызматы бир катар мамлекеттик кызматкерлердин 1 жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу тапшырган декларациясын жарыялады. Алардын катарында эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Марат Нуралиев да бар. Декларацияга таянсак, Нуралиев 2012-жылы негизги иш ордунан 316848 сом маяна алган. Ошондой эле ал маянадан башка жеке менчик мүлкүн жана жакын туугандарынын кирешеси менен мүлкүн декларацияда көрсөткөн эмес.