Жылмаюу - жакшы маанайдын башаты. Жакшы маанай - жумуштун ийгиликтүү аткарылышына өбөлгө боло алат. Муну менен катар ал адамдын өмүрүн узартат. Окумуштуулардын жылмаюу жөнүндөгү изилдөөлөрүндө кызыктуу фактылар аныкталган. Алардын айрымдары төмөндөгүлөр:
1. Балдар чоң адамдарга караганда 20 эсеге көп күлөт. Изилдөөлөр жай турмушта жашаган бала күнүнө 300 жолу жылмайганын аныкташкан.
2. Аялдар эркектерге караганда көбүрөөк жылмаят. Окумуштуулар мунун себебин аялдардын эмоционалдуулугу менен байланыштырышат.
3. Мырзалар жылмайып жүрүү - аялдарга сулуулук кошорун билдиришкен. Изилдөө иштеринин жүрүшүндө мырзаларга кыздардын боёнуп, жасанып, бирок күлбөй түшкөн сүрөттөрү менен боёксуз жылмайган кыздардын сүрөттөрүн көрсөтүшкөн. Сурамжылоого катышкан эркектердин 70 пайызы боёксуз, жылмайган айымдарды сулуу деп табышкан.
4. Жылмаюу - жаак булчуңдарын машыктырат. Жаак булчуңдары да башка булчуңдар сыяктуу көнүгүүлөргө муктаж болгондуктан жылмаюу - пайдалуу. Адам жылмайганда 5тен 53кө чейинки булчуңдары бир убакытта иштейт.
5. Жылмаюу - бул жугуштуу. Шведдик окумуштуулардын жүргүзгөн экспериментинин натыйжасына ылайык, биз жылмайган адамды көргөндө өзүбүз да жылмая баштайбыз. Адамдын организми жылмаюуга реакция бере тургандай түзүлгөн.
6. Жылмаюу - депрессияга каршы мыкты каражат. Адам жылмайган учурда анын организминде эндорфиндер иштелип чыгат, ал адамдын маанайын көтөрөт. Бактылуулуктун гормондору биз өзүбүздү мажбурлап күлгөн кезде да иштелип чыгат.
7. Жылмаюу - иммунитетти бекемдейт. Күлкүдөн кийин жана күлүп жаткан учурдагы жакшы сезимдер физикалык абалга таасир этип, адамдын ден соолугун бекемдейт.
8. Адам түйүлдүк кезинен баштап эле жылмая баштайт.
10. Америкалык психолог Пол Экман жылмаюунун 18 түрүн аныктаган.