ЖККУга мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын бейрасмий жолугушуусунда эч кандай документке кол коюлбайт

Бүгүн, 28-майда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын бейрасмий жыйыны болот. Анда мамлекет башчылары аталган уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугу, ошондой эле Ооганстандын аталган өлкөлөргө туудурган коркунучу тууралуу сүйлөшүүлөр болот. Бул жыйын бейрасмий болгондуктан эч кандай документтерге кол коюлбайт. Саммитке Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа катышмакчы. Ошондой эле саммиттин алкагында Кыргызстандын жана Орусиянын мамлекет башчылары эки тараптуу жолугушуу өткөрүшмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан