Бишкекте милиция кызматкерлери менен түнкү клубдун кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, ок атылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Буга чейин кечээ, 5-октябрда Бишкек шаарындагы "Ретро-Метро" түнкү клубунда кызматтык майрамын белгилеп жүрүшкөн милиция кызматкерлери менен түнкү клубдун кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып ок атылганы айтылган.
Анда саат 18:00дөр чамасында барган милиция кызматкерлери түнкү клуб ачыла электигине нааразы болушкан. Түнкү клубдун кызматкерлери аларды ачылган соң келгиле деп талап кылган. Натыйжада ортодо чыр чыгып, милиция кызматкерлери эс алуучу жайдын дубалын куралдары менен аткылашканы айтылган.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан аталган факты орун алганын тастыктап, жаңжалга катышкан милиция кызматкерлерине кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын билдирди.