Сингапурда үйлөнүп жаткан жигит колуктусунан той учурунда өч алды

Сингапурдун жашоочусу үйлөнүү үлпөт күнүндө колуктусунан анын көзүнө чөп салгандыгы үчүн өч алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялады.

Маалыматта жазылгандай, өзүнүн сүйлөшүп жүргөн кызына үйлөнүп жаткан жигит той болуп жаткан учурда экөөнүн махабаты тууралуу даярдалган видеонун ордуна кыздын башка эркек менен жүргөн кезиндеги видеосун койгон.

Видеого турмушка чыгып жаткан кыз башка эркек менен мейманканага жетелешип кирип бара жаткандыгы тартылган. Үйлөнүп жаткан жигит тойго бир нече ай калганда атайын агенттерди жалдап, алар кыздын артынан түшкөн. Кызы анын көзүнө чөп салып жүргөнү аныкталгандан кийин күйөө боло турган эркек тойду токтотуунун ордуна көпчүлүктүн алдында андан өч алууну чечкен.

Видео көрсөтүлүп бүткөндөн кийин ал жигит кыздын тозокко кабылуусун каалай турганын айтып, салтанаттан кетип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
kechirmeni
2017-10-07 09:22:18
Кыз да жинди экен тойго аз калганда башка бироо менен гостиницага барып,Кудайым баарыбызды зынаадан сактасын
+11
taalay25
2017-10-07 09:32:40
kechirmeni,андай бизде деле толтура тоюна уч кун калган бироолор менен гостиницада жургон
+6
Tyty1990
2017-10-07 09:50:47
Молодец экен
+7
satiev87
2017-10-07 09:51:54
кыздарга сабак болуптур. мен дагы коргом мындайды бир кыз тойуна эки кун калганда мурунку жигити менен гостиницага кирип кетен. эки кундон кийин тойу башка бала менен болду.
+7
Kyialbek.89
2017-10-07 09:58:21
Тура еле кылыптыр маладес бала екен
+9
Nargiza1987k
2017-10-07 10:05:52
антпесе башкалары ишенмек эмес же оч ала албай калам десе керек
+7
imashbektur.95
2017-10-07 10:34:36
Ажжжап кылыптыр)))))
+8
nurkojo
2017-10-07 11:05:04
Уйлоном деген кызы ушунтип жатса эркектин намысы кучтуу болсо, чыдаган эмес! Озунун ою боюнча туура кылган болсо мен колдойм! Бир омур ичинде сыгылбай, бир жерине чертпей, шермендесин чыгарып ичимде бугум калбасын дегенго!
+10
Pandora
2017-10-07 11:42:51
Кудайым шерменделиктен,мезгилсиз олумдон сактасын....
+2
tular
2017-10-07 12:42:37
Кыз акылсыз кылыптыр
+2
tuki
2017-10-07 14:06:57
Базар жок эркек бирок коп элдин алдында эмес ата энесине коргозсо болмок Эми тютуугандары озгочо ата э несине жаман болуптур го кыз Эми Аман болсо болду
+3
Azatbek83
2017-10-07 14:12:03
Кыздар жакшылап ойлонушса болмок!!Балага да ошону каалап койбоптур!Ошол бала алсын эми!
+3
Bek_abad
2017-10-07 14:21:14
Тоова агент койуп видеого тартып бала кучтууго.
только кинолорунда тойлор бузулуп кетеби десе жашоода ошол эле окшойт аларда...
+4
AKCAHAT
2017-10-08 14:00:34
Девичник мнеге кылышат воот бывший жигити мн жыргаганы да.)))
0
Mysoul
2017-10-08 22:38:46
Кобунчо эркек балдар уйлонорго жакын башка кыздар менен болот озун сынап деп уккам ошол чынбы?
0
Makkambaev97
2017-10-10 09:42:12
28+
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан