Бүгүн, 28-майда Бишкектеги Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясында ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин “КРнын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын талкуулаган көчмө жыйыны болуп өттү. Иш-чара алгач Т.Океевге арналган мемориалдык тактайдын ачылышы менен башталды. Андан соң жыйынга келген депутаттар менен маданият кызматкерлери киностудия ичинде кыска экскурсия жасашты. Ал эми жыйын учурунда кыргыз кинематографиясынын жаралышынан баштап бүгүнкү күнгө чейинки абалы кызуу талкууга алынды. Анда кыргыз киносун өнүктүрүү үчүн эң алгач каражат, техникалык колдоо жана кадр маселесин чечүү зарылчылыгы айтылды. Соңунда “КРнын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамын Жогорку Кеңеште карап талкуулоо чечими кабыл алынды.