Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин "Ак-Сай" мамлекеттик резиденциясынан жолугушту

Бүгүн, 28-майда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Бишкектеги "Ак-Сай" мамлекеттик резиденциясынан жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгы талкууланды. Өз учурунда Владимир Путин кыргыз тараптын чакыруусуна жана ушундай кооз жаратылышын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө ыраазычылык айтты. Айта кетсек, "Ак-Сай" мамлекеттик резиденциясы "Ала-Арча" капчыгайында жайгашкан. Өлкө башчылары жаратылыш коюнунда бирге басып пикир алышты.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан