Көпчүлүк адамдар дем алыш күндөрү иштеген күндөрүндөгү уйку жетишсиздигин толтуруп алууну каалап, түшкө чейин укташат. Бирок дем алыш күндөрдөгү ашыкча уйку иш аптасындагы уйкусуздукту компенсациялай албай турганын Калифорния университетинин неврология бөлүмүнүн профессору Беркли Мэтью Уокер америкалык басылмага берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, чала уйку адамдын калп айтышына жана харизмасынын бара-бара жоголушуна алып келет. Ошондой эле 7 сааттан аз убакыт уктоо ден соолукка зыянын тийгизет.
"Эгерде адам 7 сааттан аз уктаса, анын мээсинде жана жалпы эле организминде өзгөрүүлөр башталат. Күнүнө 6 саат уктагандар, тилекке каршы, өздөрүн жана ден соолугун алдап жаткандар", - деген ал.
Андан сырткары Мэтью Уокер уктаганга чейинки бир саат ичинде телевизор көрүүнү, телефон жана компьютер колдонууну токтотууга кеңеш берген. Окумуштуу уйку жетишсиздиги эс-тутумду начарлатып, толуп кетүүгө, рак илдетине жана Альцгеймер оорусуна алып келерин айтып, чоң уюмдарды жана мыйзам чыгаруучуларды бул маселеге көңүл бурууну сунуштаган.