Каныбек Иманалиев: "Чет жердеги кыргыздар эне тили менен маданиятын унутпашы үчүн мамлекеттик саясат керек"

ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 28-майда өткөн кезектеги жыйынында "Чет өлкөдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Каныбек Иманалиев эгемендик алган жылдар аралыгында калктын 20 пайызы чет жерди байырлап, конуш жаңыртышканын билдирди. "Мындай абал ар кыл көз караштар аркылуу талдоого алынып келет. Ошондуктан миграциялык багытта татыктуу тактиканы карманып, чет өлкөлөрдө жүрүшкөн мекендештерди колдоонун мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу зарылчылыгы жаралды", - деди эл өкүлү. Ал эми депутат Ыргал Кадыралиева: Этникалык кыргыздар өз мамлекетине кире албай, убаракерчилик тартып жатышат. Ошондуктан аларга да визасыз каттам эрежелерин киргизсек туура болмок”,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан