Кытайлыктар метеориттин жарылышына күбө болушту

Кытайдын Юньнань провинциясынын Шангри-Ла аймагынын тургундары метеориттин түшүп баратып атмосферада жарылганына күбө болушту. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Күбөлөрдүн айтымында, метеориттин жарылуусу катуу тарс эткен үн жана вибрация менен коштолгон. Ошондой эле америкалык космос агенттиги НАСАнын кызматкерлери жарылуунун кубатын өлчөп чыгышкан. Алардын жарылуунун күчүн 540 тонна тротилдин жарылышына барабар болгон дешүүдө. Асманда метеориттин жарылуудан чыккан жарыгы 5 секундага созулган.
Учурда метеориттин калдыктарынын жерге түшкөндүгү тууралуу маалыматтар айтыла элек. Адистер анын абадан жок болуп кеткендигин жана башка жагдайларды изилдеп жатышат.
Кытайда болгон метеориттин жарылуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dastan.bujun
2017-10-08 13:35:17
Бул атеистер да кудай сакта деп жиберген болуш керек
+16
Derzki_kyrgyz
2017-10-08 21:29:00
АЛЛАХ АЛЛАХ деп ататго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан