Apple эски айфондорунун иштөөсүн атайылап начарлатабы?

IPhone телефондорун чыгарган америкалык Apple компаниясы iOS жаңылоолорун улам жаңы иштеп чыккан сайын телефондордун иштөө ылдамдыгын атайын начарлатып жатат деген ой жоруулар айтылып келет. Мындай божомолдорду компьютерлердин программалык жабдууларынын өндүрүмдүүлүгүн текшере турган финляндиялык Futuremark компаниясы текшерип чыкты.

Айтылып жаткан айыңдарга караганда, Apple компаниясы колдонуучулар жаңы чыгарган смартфондорду алсын деп атайын ушундай куулукка барат. Futuremark компаниясы 2016-жылдан баштап чогултулган 3DMark бенчмарк (өндүрүмдүүлүк үчүн тест) аркылуу изилдөө жүргүздү.

Аталган изилдөөнүн алкагында, iPhone телефондорунун 7 модели жана iOS'тун ар кайсы версиясындагы 100 миң өндүрүмдүүлүк тесттердин жыйынтыктары колдонулган. Изилдөөнүн жыйынтыгында 2013-жылы чыккан iPhone 5S телефонунан чыккан жыйынтык Apple иштөөсүн атайылап начарлатат деген ой жорууларды четке какты. Телефондордун ылдамдыгы начарлаганынын себеби ресурстарды көбүрөөк короткон жаңы функцияларды көтөрө албай калышы ыктымал дешет изилдөөчүлөр.

iPhone 6, iPhone 6S жана iPhone 7 моделдеринде атайын начарлатуу ыкмасы колдонулганы аныкталган жок.

Эксперттер колдонуучулардын мындай ойго барышы психологиялык факторлор болушу да мүмкүн экенин айтышат. Алардын айтымында колдонуучулар гаджеттердин улам жаңысы чыгып жатканын угуп-билген сайын эски смартфондорду жай иштеп калды деп ойлоп, жаңы смартфондордун артыкчылыгына суктануудан улам дейт эксперттер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aitun
2017-10-08 19:43:00
Мен 2012-жылы алган самсунг с3 улгусундогу телефонду эле которуп журом. Экраны сынып калды эле былтыр алмаштырайын десем 5000дешти кой деп алмаштырбай койдум соонун эле иштейт.айфон 4с алган элем 4ай котрргон сон уурдап кетишти. Ошол боюнча айфон алсам эле уурдап кетчуудой сезиле берет:))))
+2
BakytAliev
2017-10-08 19:44:44
Менде iOS 11.0.2 кичине катыгандай болуп атат иштегени начарлап калды iOS ти жанылагандан кийин силерде да ошондой болтабы айфон 6
0
bond
2017-10-08 20:23:35
Мен айфон 15 которуп журом кече аплден звонок кылыптыр бизге сат деп.
-8
zz2013zz
2017-10-08 21:10:52
bond,ха ха ха жардынго
-4
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-08 21:13:58
bond,кой сатпа ансыз деле жер саткандар жетишет
+4
Tuke8686
2017-10-08 21:29:23
Тура дабдырай баштады
0
Kalybekm
2017-10-09 02:53:23
ooba jakshy ishtebei jatat
0
asdef
2017-10-09 10:20:51
Меники айфон 7 плюс жанылангандан кийин айырмасын билген жокмун)))
0
Makkambaev97
2017-10-09 16:17:25
Айфондун каягы жакшы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан