Юрий Краковецкий дзюдо боюнча "Grand Prix Tashkent 2017" мелдешинде күмүш медаль тагынды

Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча "Grand Prix Tashkent 2017" мелдешинде Кыргыз спортчу Юрий Краковецкий күмүш медалына татыды.

Юрий Краковецкий 100 килограммдан жогорку салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттешинде өзбекстандык Ихтиор Халмуратовду жеңип алган. Жарым финалда Кыргыз дзюдочу дагы бир өзбекстандык спортчуга туш келип жеңишке жеткен. Финалда Юрий Краковецкий израилдик Ор Сассон менен беттешип 0:1 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. Бул жыйынтык менен Кыргыз спортчусу күмүш медалды тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nazar76
2017-10-09 00:25:18
Молодец
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан