Күз айларында үйлөнүү тойлор көп болгондуктан жарашыктуу же башкалардыкына окшобогон үлпөт көйнөгүн кийүү ар бир колуктунун кыялы. Ал гана эмес "Колуктулар согушу" фильминдеги Кейт Хадсон менен Энн Хэтэуэйдин белгилүү модельер Вера Вонгдун үлпөт көйнөктөрүн кийүүнү кыялданганы эсиңизде болсо керек. Вера Вонг - америкалык модельер жана дизайнер. Ал бир канча жылдан бери Виктория Бекхэм, Иванка Трамп, Алиша Киз баштаган дүйнөнүн белгилүү айымдарына өзгөчө үлпөт көйнөктөрүн кийгизип, бакыт тартуулап келет.
Жакында 2018-жылга карата анын көйнөктөрүнүн жаңы коллекциясы жарык көрдү. Анда түрдүү орнаменттер колдонулуп, узун шлейфтери көңүлдү бурат. Ошондой эле бири-бирине окшобогон бул үлпөт көйнөктөрдүн тооктун канаттары менен кооздолгондугу алардын көркүнө көрк кошуп турат.