Бүгүн, 28-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ЖККУга мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын бейрасмий жыйынын президент Алмазбек Атамбаев ачып берди. "Бүгүн бейрасмий саммитте пикир алмашып, тиешелүү чечимдерди кабыл алабыз деп ойлойм. Бул жыйын бейрасмий болгону менен жолугушуу конкреттүү формага ээ. ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймактагы коопсуздук маселелери талкууланмакчы",- деди өлкө башчы.