Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 28-майда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттеринин башчыларынын бейрасмий жолугушуусунда президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди. Айтымында, бейрасмий жолугушуунун алкагында актуалдуу маселелерди талкуулоонун демилгечиси Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев болду. "Бул уюм саясий жана аскердик түзүмдөрдү жакшыртууда чоӊ роль ойноп келет. ЖККУнун алкагында дайым биргелешкен аскердик окуулар өткөрүлүүдө. Өткөн жылы Арменияда жана Казакстанда окуулар болгон, ал эми ушул жылы Беларусь өлкөсүндө жана Орусияда болмокчу",- деди Путин. Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон саммитеги негизги маселе Ооганстанга байланыштуу экендигин белгиледи. "Ооганстанга байланыштуу маселени дыкаттык менен карайбыз",- деди. Өз кезегинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык сөзүн айтып, бүгүнкү жолугушуунун маанилүүлүгүн белгиледи.