WhatsApp аркылуу байланышкан окурман "Орусиянын Ростов-на-Дону облусунда дем алыш күнү Темерник базары өрттөнүп кетти. Ал жерде соода кылгандардын көпчүлүгү Кыргыздар эле. Жабыркагандар жок, бирок товарлардын баары өрттөнүп кетти", - деп билдирди.
Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, базардын 6 миң чарчы метр аянты күйгөн. Өрт эки кабаттуу соода күркөсүнөн жана башка дагы эки жерден чыккан. Шамалдан улам жанаша турган соода күркөлөрүнө өткөн. Базардын жетекчилиги товарлар камсыздандырылбаганын, жеке ишкерлерге таандык экенин билдирген. Алдын ала эсеп боюнча өрттөн 200 миллион рубль зыян келтирилген.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.