Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ат-Чабар айылында 24-май күнү уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн аймактан оттогон 19 кой ууланып өлгөн. Аталган мал жандыктарынын атайын жайга көмүлгөнүн ӨКМнын басма сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов тастыктады. “Айрым маалымат каражаттары өлгөн койлор көмүлгөн эмес дешкен эле. Койлордун өлүмүнө Өзгөчө кырдаалдар министрлигин күнөөлөп жатышат. Бул такыр туура эмес. Мыйзам боюнча ар ким өзүнө бөлүнүп берилген аймакты же мекемени сактоого, коргоого милдеттүү. Уулуу зат калдыктары көмүлгөн бул аймак Сузак районунун карамагында”,- деди Бекилов. ӨКМ өз учурунда бул жерлердин кооптуулугу боюнча аталган райондогу Кара-Алма токой чарбасына, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясына, Сузак райондук мамлекеттик администрациясына эскертүү берген. Бирок тиешелүү тараптар бул маселеге жеткиликтүү көңүл бурушкан эмес.