Мамлекеттик салык кызматы тойканаларда мыйзам бузуу менен кызмат көрсөтүп жаткан 67 адамды аныктады

Мамлекеттик Салык кызматы борбордогу тойканаларда мыйзам бузуу менен кызмат көрсөтүп жаткан 67 адамды аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 17 тойканада 3 күндүк рейд жүрүп, тамадалык, ырчылык кылган, сүрөткө, видеого тартуу, залды жасалгалоо, LED-экранды ижарага берүү, оюн-зоок кызматтарын көрсөткөн 124 субъект текшерүүгө алынган. 57 адам гана жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүгө ыктыярдуу патенттерин көрсөтүшүп, 67 кишиде уруксат берүүчү документтери, анын ичинде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү, ыктыярдуу патенти жок болуп чыккан.

Уруксат берүүчү документтерин төмөнкү адамдар көрсөтө алышкан эмес:

Ырчылар: К.Ажыбаев, Г.Калыков, А.Чалова, К.Таштаналиева, опера ырчысы Б.Ыбыкеев, Н.Кенчинбаев, Р.Абылов, К.Примбердиев, З.Арыкбаев;

Тамадалар: Э.Эгембердиев, Н.Догдурбеков, К.Кубанычбеков, А.Осмоналиев, Жаныбек у.М., А.Өзүбеков, Н.Копоев, Майрамбек у.Ж., Э.Эсеналиев, Эсенбай у.А, А.Казыбеков, А.Табалдиев;

Сүрөт, видеого тартуу кызматтарын көрсөткөндөр: Ж.Байкожоев, Б.Рысбаев, Ж.Эсенбеков, А.Калыков, С.Сактанбеков, Таалайбек у.Э., Турубек у.С., Ф.Кудайбердиев, Ж.Исанов, Ыманбек у.Д., Н.Мааматов;

Бийчилер: "Акак" бий ансамбли, "Медиа-Шоу" ЖЧКсы, "Кыз кыял" бий тобу, Ж.Абдрахманова, "Ак Марал" бий тобу, "Назик" бий тобу;

Акын А.Туткучев, залды жасалгалоочу О.Сухорукова жана музыканттар Н.Бактыбеков, А.Сарыпжанов.

Салык мыйзамын бузгандыгы айтылган ырчы Кайрат Примбердиев менен байланышканыбызда ал: "Мен патент тууралуу ызы-чуу чыкканда Биринчи Май райондук салык кызматына барып, октябрь, ноябрь, декабрь айлары үчүн патент алгам. Ага чейин уруксат берүүчү документим жок эле", - деп билдирди.

Тизмеден орун алган дагы бир ырчы Гүлжигит Калыков мыйзам чегинде элге кызмат көрсөтүп жатканын жана патенти бар экенин айтты.

Ал эми Замир Арыкбаев: "Салык кызматкерлери рейд жүргүзгөн учурда патентим жанымда эмес, үйдө эле. Ага карабастан акт жазып кетишкен", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Asyl10
2017-10-10 15:14:26
Ошто качан текшеруу болот?
0
gulmira12345
2017-10-10 15:50:06
ХХХХ таяк жейт талапкерлерге ырдаган ырчыларды рас кыласынар 2 саат панаграмма менен ырдап 500доллар алышат 300долларга ынашпайт
+4
isabek1977
2017-10-10 16:26:33
Ушуларга салыкты олчойто салыш керек.Ар бир той учун салгыла.Айына 2500 сом булар учун болбогон эле акча.Керек болсо булар кунуно уч торт тойду 20-30-минден тейлейт.
+3
bakit-bosteri
2017-10-10 16:58:56
Тойлордо эн эле аазы 300 доллар, эн кымбаты 1500 доллар деп, сомдун баркын кетирип, доллар менен суйлошот,керек болсо патентти ырчыларга доллар менен салыш керек. Фонограмма менен ырдап коюп, коркуно доллар алышабы? маданият министри ошону текшербейби? уну жок чала олгон соол жыландарды жок кылып, тазаласа жакшы болот эле.
+4
Best.bakyt
2017-10-10 17:17:00
Замандын бузулганы ушул ырчы чоорчуларга жакты. Кайда болсо ушул Азыматтар.
+1
narbek
2017-10-10 19:26:26
Тойгозду ушул салыкчылар чиновниктердин ишканасына бут басыб бара алышбайт коркот эми тойлорду сагалаб калышыбтыр уят уят
-3
PeRa
2017-10-10 23:46:24
Ырчыларга, тамадаларга налогду которсо туура эле болот. 2500 аз,кузундо жок дегенде 50000 кылыш керек.Мисалы Самара Каримова аны бир тойдо эле табат экен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан