ЖЫЛНААМА, 10-ОКТЯБРЬ: 1865-жылы америкалык Жон Хайат мурда пилдин сөөгүнөн жасалган бильярддын шарларын жоюп, целлулоидди колдонууга өткөн

Азыр бильярддын кийи менен шарларын табуу оңой эле болсо, мындан бир канча жылдар мурун тескерисинче болчу. Тагыраагы, ошол учурда шарларды жасоого бир гана материал колдонулган. Ал эң кымбат деп эсептелген пилдин сөөгүнөн жасалар эле.

1863-жылы америкалык 23 жаштагы Жон Уэсли Хайат гезиттердин бириндеги жарыяга көзү түшкөн. Анда бильярддын шарларын чыгарган белгилүү компания кимде ким шарларды жасоо үчүн пилдин сөөгүнөн башка материал колдонууну ойлоп тапса, сыйлык катары 10 миң доллар берилери жазылган. Хайат химия жөнүндө таптакыр түшүнүгү жок болгону менен, күнү-түнү ушул жарыяны оюнан чыгара албай койгон. Жыйынтыгында шеллак, таарынды, кагаз жана башкаларды аралаштырып эксперимент жасап көргөн. Шарлар бир аз жумшак болгондуктан айнек бөтөлкөгө кошулган эритмени аралаштырып, тоголок формадагы катуу шарларды жасаган. Ошентип 1865-жылы өзү жасаган целлулоидден жасалган материалын патенттеп, жардам берген агасы экөө "Hyatt Billiard Ball Company" ишканасын жетектеп калышкан. Чынында бул эмгеги үчүн жогоруда аталган сыйлыкка ээ болгонбу же жокпу так маалымат жок. Ошентсе да анын жасаганы - пилдерди жоготуп албоого чоң таасирин тийгизгени талашсыз.

10-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан