Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коомдук кабылдамасына 2013-жылдын январь айынан бери 53 кайрылуу түшкөнүн аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 48 жарандын кайрылуусуна өз убагында чара көрүлүп, 5 жарандын маселеси учурда каралып жатат.
Айта кетсек, маалым каттарды берүү жөнүндө 1, материалдык жардам көрсөтүү же курулуш материалдарын бөлүп берүү тууралуу 5, турак үйгө изилдөө жүргүзүү боюнча 8, оңдоо иштерин жүргүзүү 8, ссудаларды жана насыяларды берүү боюнча 2, турак үйдү кайра калыбына келтирүү боюнча 3, турак жайды менчиктештирүү боюнча 2, кадр иштерине байланыштуу 11, ар кандай маселелер боюнча 13 кайрылуу түшкөн.