"Казакстан Республикасынын Тарбагатай районунун Акжар жергесинде болуп өткөн эл аралык "Тарбагатай жылдыздары" аттуу сынагында Кыргыздын атынан катышкан студенттер байгелүү орундарга ээ болушту. Алар Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин доценти Эржан Мусиндин студенттери. Сынакта жогорудагы окуу жайдын "Эстрада" кафедрасынын студенттери Азамат Бексаманов 1-орунду алса, Перизат Насипбаева 2-орунду ээледи. Ал эми Канышай Бакирова 3-орунга ээ болду". Бул тууралуу 10-октябрда WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.