Декларация: Экономика министринин орун басары Олег Панкратов 2012-жылы негизги иш ордунан 584656 сом киреше тапкан
Кыргызстандын Экономика министринин орун басары Олег Панкратов 2012-жылы негизги иш ордунан 584656 сом киреше тапкан. Бул маалымат Панкратовдун бир жылда тапкан кирешеси жана жалпы мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн. Ал эми анын жакын туугандарынын былтыркы тапкан кирешеси 35956 сом болгон. Ал эми аталган документте мамлекеттик кызматкердин жана анын жакындарынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү көрсөтүлгөн эмес.