Бишкекте залкар талант Нурак Абдырахмановдун 70 жылдыгына карата комузчулардын республикалык сынагы өтөт

Бишкекте 9-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Эл артисти, залкар комузчу, күүчү, ырчы, аткаруучу Нурак Абдырахмановдун 70 жылдыгына арналган комузчулардын республикалык сынагы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда SUPER.KG порталына Нурак Абдырахмановдун шакирти, комузчу Рахат Көчөрбаев билдирди.

Анын айтымында, сынакка залкар комузчунун күүлөрүн жогорку деңгээлде черте билген 35 жашка чейинки комузчулар катыша алат. Конкурс 9-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өткөрүлөт.

"Сынак Маданият, маалымат, туризм министрлиги жана "Ак-Талаа" коому тарабынан уюштурулуп жатат. Максатыбыз - Нурак Абдырахмановдун күүлөрүн пропагандалоо болуп эсептелет. Сынактын эрежесине ылайык, ар бир катышуучу Нурак Абдырахмановдун "Соң-Көл", "Улуу Тоолор", "Мезгил жаңырыгы", "Атилла хан", "Ата мурасы", "Азаттык камбаркан", "Өмүр көчү", "Алтын балалык", "Үркүн", "Шаттык" аттуу күүлөрүнүн ичинен үчөөнү тандап чертиши керек", - деди ал.

Белгилей кетсек, Нурак Абдырахманов 1946-жылы 19-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында төрөлгөн. Анын аткаруусундагы "Жибек жол", "Так теке" чыгармалары өнөрүн дагы өзгөчө деңгээлге көтөрүп, дүйнө элдерине даңазалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
umar_official
2017-10-11 19:06:27
жакшы комузчу болчу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан