Камбоджада жайгашкан чочколорду багуучу фермада чектен ашкан булчуңдуу чочколорду багып өстүрүшөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Duroc Cambodia фирмасы айбанаттарынын сүрөттөрүн өзүнүн интернеттеги баракчасына жүктөгөн. Бул сүрөттөр кээ бир колдонуучулардын кызыгуусун арттырса, жаныбарларды коргоочулардын нааразычылыгын жараткан.
Сүрөттөрдө байкалгандай, фермада багылган чочколор кадимки килкилдеген майлуу чочколордон кескин айырмаланат. Жаныбарларды коргоочулардын айтымында бул чочколорду багууда атайын гормондорду өзгөртүүчү генетикалык кийлигишүүнүн натыйжасы. Мындан тышкары Duroc Cambodia компаниясы жасалма уруктандыруу үчүн атайын каражаттарды таратууда деп күнөөлөнүүдө.
Компания чочколордун сүрөттөрүн жана видеолорун өткөн жылдын декабрь айынан баштап жарыялай баштаган. Видеодо көрүнүп тургандай чочколор булчуңдарынын айынан башын көтөрүп, кыймылдай алышпайт.
Жарыяланган сүрөттөрдүн алдына көптөгөн интернет колдонуучулар өзүлөрүнүн нааразычылыгын билдирип: "Бул чочколордун эти ден соолукка зыян болсо керек, аларды көрүп жүрөгүм ооруп жатат", "Бул чочколорду баккан адамдарда жүрөк жокпу? Айбан болсо да аларга мындай мамиле кылган туура эмес", - деген маанидеги билдирүүлөрдү калтырышкан.
Бирок көптөгөн фермерлер мындай чочколорду багууга кызыгып жаткандыгын билдиришкен.