ЖКнын депутаты Абдыманап Кутушев: "Парламенттин жергиликтүү кеңештер менен кызматташуусу мезгил талабы менен үндөшөт"

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев Ош шаарында "Жергиликтүү кеңештердин ишин жакшыртуу максатында Жогорку Кеңештин депутаттары менен кызматташуусу" деген темада өткөн конференцияга катышып, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоочулар, мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташуусу" аталыштагы баяндама жасады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. 

 

Белгилей кетсек, бул конференция "Абад" коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы райондук кошмо жыйындардын төрагалары, жергиликтүү кеңештердин жетекчилери, туруктуу комиссиялардын төрагалары катышып, кыргыз парламент жана мамлекеттик органдар менен биргелешип иш алып баруу багытында пикир алышуу болду.

 

Иш-чара жүрүшүндө Жогорку Кеңеш, андагы фракциялар, тармактык комитеттер, депутаттар менен биргелешип иш алпаруу аркылуу жергиликтүү маселелерди чечүү зарылчылыгы баса белгиленди. Абдыманап Кутушев да кыргыз парламентинин жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу кадамы мезгил талабы менен үндөшө турганын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан