Кара-Кулжалыктар Жээнбековго "Кыргызстандын президенти бол" деп бата беришти



Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков 11-октябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту. Ал Кара-Кулжа районунун атынан 3 ирет депутат болуп шайлангандыгын белгилеп, шайлоочуларга ага болгон ишеними үчүн ыраазычылык билдирди. «Мен ишенимиңиздерди актоого дайыма аракет кылып келдим. Көптөгөн мыйзамдарды иштеп чыгып, демилгеледим, алардын арасында айыл чарбасын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселесине арналган долбоорлор да арбын. Андан соң башкаруу тутумунун бардык тепкичтерин басып өттүм. Эми силердин алдыңарга батаңарды алып, өлкөдөгү башкы кызматка болгон күрөштө колдооңорго жана ишенимиңерге ээ болоюн деп келип отурам», - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ал премьер-министр болуп келгенде өлкөнүн экономикасынын бардык көрсөткүчтөрү төмөндөп кеткен учур болгондугун эске салды. «Биз кыска мөөнөттө олуттуу ийгиликтерге жетише алдык. Мисалга бюджетти эле алалы. Былтыр салык кирешелери 11 миллиард сомго көбөйдү. Быйыл болсо бюджеттин чыгаша бөлүгү 151 миллиард сомду түздү. Бюджет – жалпы калкыбыздын казынасы, уурулук кылбасак, казынага суук колду салбасак эле анын көлөмү көбөйө берет», - деди талапкер Жээнбеков.

«Кыргызстандын калкынын 60 пайызынан ашыгы айылда жашайт жана айыл чарбасы тармагында эмгектенет. Элге эмне керек? Туруктуу иш, таза ичүүчү суу, бала бакчалар, мектептер, ооруканалар, сапаттуу жолдор. Айыл чарбасы үчүн жеткиликтүү насыялар. Мен жетектеген өкмөт айыл чарбасынын кайра иштетүү тармагына бериле турган насыянын үстөк пайызын 6 пайызга чейин төмөндөтүүгө жетишти. Мен экономиканын бардык тармактарындагы жагдайды жакшы билем, алардын алдында кандай милдеттер турат жана аларды кантип чечсе боло турган жолдор да мага белгилүү», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Талапкер коррупцияга каршы президент Алмазбек Атамбаев баштаган күрөштү уланта тургандыгын белгиледи. “Бул көйгөйгө каршы күрөштүн алкагында жүздөгөн кылмыш иштери козголуп, коррупциянын «майда чабагынан» тартып, килейген «киттерине» чейин торго түшүп жатат. Ким болбосун, эгер коррупцияга байланышы бар болсо, ээлеген кызматына карабастан өзүнүн кылган ишин моюну менен тартышы керек. Уурунун орду – абакта», - деп сөзүн жыйынтыктады талапкер.

Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу үчүн Кара-Кулжа районунда 10 миңден ашуун шайлоочу келип, бир добуштан анын талапкерлигин жана ал сунуштаган «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок» программасын колдошту.

Даярдоочу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган датасы: 12.10.2017-ж.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан