Экс-вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова 2012-жылы негизги иш ордунан 928943 сом маяна алган. Тапкан кирешеси жана мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында Асымбекова төмөнкү мүлктөрүн көрсөткөн: 216,8 чарчы метр аянтты ээлеген үй, “Асымбекова клиникасы” ААКсы, (49 пайыздык акциясына ээлик кылат) 0,08 сотых аянттагы курулуп бүтө элек үй, 1274 чарчы метрлик жер тилкеси, 124,7 чарчы метр аянтты ээлеген дагы бир үй, 264,5 чарчы метр аянтты ээлеген имарат, 0,20 гектар аянтты ээлеген котедж, 0,03 гектар жердеги көп жылдык бак.
Ал эми экс-вице-премьер-министрдин жакын туугандарына таандык 151,6 чарчы метр аянтты ээлеген үй, 1996-жылы чыгарылган Хонда CRV үлгүсүндөгү жеңил унаа, 96,0 чарчы метр аянтты ээлеген батир, 2007-жылы чыгарылган Тойота Хайлендер жеңил унаасы, “Асымбекова клиникасы” ААКсы (51 пайыздык акциясына ээлик кылат) бар.