Британияда ноябрь айында маркумдун күлүн космоско учуруу кызматы ишке кириши мүмкүн

Британиялык Ascension Flights компаниясы маркумдун күлүн космоско чачуу кызматын ноябрь айына киргизүүгө даярданууда. Бул тууралуу Аlphr басылмасы жазып чыкты. Бул кызматты өзүлөрүн авантюрист жана изилдөөчү катары көргөндөр үчүн Шеффилд университетинин эки студенти ойлоп тапкан. Алар сөөктү коюу бюролорунун башчылары жана бийиктиктен видеого тартуу тобу менен келишим түзүшкөн. Маркумдун күлү канистрге салынып, стратосферага болжол менен 35,5 чакырым бийиктикке гелий менен толтурулган шардын жардамы менен көтөрүлөт. Буга эки сааттай убакыт кетет. Суюктук кайнай турган бийиктикке жеткенде канистрдеги суюктук жарылып, жаандын тамчыларына же карга айланат.

"Жакындарыңыздын күлүн кайда чачуу тууралуу ойлор сизди бир топ ойго салышы мүмкүн. Сизге аларды бүтүндөй Ааламдын бир бөлүгү кылуу мүмкүнчүлүгү берилет", - деп жазат басылма.

Канистр менен шарды аларга бекитилген GPS'тин жардамы менен таап алышкандыктан, экологияга да зыянын алып келишпейт. Компания мындан тышкары маркумдун жакындарына бул процесстин жүрүшүн видео аркылуу чагылдыруу, күлдүн бир бөлүгүн кайра кайтаруу да кызматтарын сунуштайт. Албетте, кызматтар бекер эмес. Бирок басылма маркумдун күлүн космоско чачуу кадимки көмүү кызматынан арзан экенин баса белгилеген.

"Компания өзүнүн кызматын коомчулукка жарыялардын мурун 5 жыл жаныбарлардын күлүн учуруп сынап, процессти жакшыртышкан", - деп кошумчаланат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Wolf_ero
2017-10-12 18:31:25
Тооба
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-12 18:55:52
Космоско учурса эле кудай таппай калмак беле
+4
Tunerbei1812
2017-10-12 19:01:48
Мусулманчылыкка тура келбеген нерсе го.
+9
Isco23
2017-10-12 19:15:33
Койгула еее
+3
nematovich.90
2017-10-13 03:02:37
Жинди болгонго булар, кайра жаандын тамчыларына же карга айланат дейт. Аны элдер дарыя аркылуу келген суу менен ичип калабы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан