Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Майрамбек Осмонов жан дүйнөсүнүн көшөгөсүн ачып кеңири маек куруп берди. Ырчы мырзанын жеке жашоосунда жакшы жаңылыгы да бар. Таарынышып жүргөн жубайы менен элдешип, 2 уул, 1 кызын чогуу тарбиялап жатышкан экен. “Келинчегимдин мени жамандаганынын негизги себеби кызганыч болду го дейм. Балким, мени башкага бергиси келбегендир. Мен азыр аялым менен жарашып эрдик кылдым дейм. Ушундай оош-кыйыш жашоомдон кийин өзүмдүн кекчил эмес экенимди түшүндүм”, - дейт ал.
Ырчынын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№780, 13-октябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.