Өлкөнүн каржы министри Ольга Лаврованын 2012-жылы негизги иш ордунан тапкан кирешеси 1 миллион 57 миң 946 сомду түзгөн. Бул сумма аталган министрдин бир жылдык тапкан кирешеси жана жалпы мүлкү боюнча тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн. Лаврованын кыймылсыз мүлктөрү төмөнкүлөр: 61,9 чарчы метр аянтты ээлеген 1 батир, 68,5 чарчы метр аянтты ээлеген 1, 131,9 чарчы метр аянтты ээлеген 1 батир жана 0,10 гектар аянтты ээлеген 2 жер тилкеси. Ал эми министрдин жакын туугандары былтыр 701235 сом киреше тапкан жана аларга таандык 0,08 гектарлык жер тилкеси бар.