Сириядагы террордук топтордун башчыларынын тапшырмасы менен Кыргыз жеринде террордук акт уюштурууга келген деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары кармалган 1980-жылы туулган У.А. аттуу Кыргыз жараны 2015-жылы "Ахрар аш-Шам" террордук уюмуна мүчө болуп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан.
Ошондой эле ал Сирияда жетим балдардын идеологиялык борборлорунун бирин жетектеп, "жихадизм" боюнча сабактарды өтүп, эл аралык террордук топторду адам ресурстары менен камсыздап турган.
"Кыргыз жерине эл аралык террордук уюмдун башчыларынын тапшырмасы боюнча террор чабуулдарын уюштуруу жана ишке ашыруу максатында келген. Азыркы убакта кармалган У.А. террордук ишмердүүлүккө тиешеси бар экендигин моюнга алды", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.