Мавлян Аскарбеков: "Бишкекте көптөгөн мыйзамсыз иштер жасалууда. Буга шаар бийлигинин кыянаттыгы жана шаардыктардын кайдыгирлиги себеп"

30-майда саат 11:00дө “Эркин эл” партиясы борбор шаардын тургундары менен бирге тынчтык акциясын өткөрөт. Бул маалыматты аталган партиянын лидери, жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков өзүнүн интернет баракчасына жарыялады. Урматтуу шаардын тургундары! Тилекке каршы, биздин шаарда "Кара-Жыгач", "Ата-Түрк" жана башка сейил бактарды талкалоо, балдар аянтчаларын, көп кабаттуу үйлөргө таандык жер тилкелерин, шаардын жолдорун мыйзамсыз сатуу, кооптуу, баш аламан курулуш иштери жүрүп жатат. Мунун баары шаар бийлигинин кыянаттыгынан жана тургундардын кайдыгерлигинен улам болууда. Шаар элинин күчүн, иш-аракеттерин бириктирүү менен гана аткаминерлердин мыйзамсыз, тескери иштерин токтото алабыз,- дейт Аскарбеков билдирүүсүндө. Маалыматка ылайык, тынчтык акциясы Ленин райондук администрациясынын алдында башталып, мэриянын имаратынын жанынан аяктамакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан