Кыргыздын "Адэм" бий тобу эл аралык сынакта калыстарды таң калтырып, көрүүчүлөрдүн ордунан туруп узакка кол чабуусуна арзыды (видео)

Кыргыздын "Адэм" бий тобу "Asia’s Got Talent" деп аталган сынакта «алтын баскычка» ээ болду. Бул тууралуу бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жазды. Бий тобунун жеңишин жарыялаган Атай аларга демөөрчүлүк кылган ишканаларга ыраазычылык билдирген.

Төрт баладан турган бий тобунун өзгөчө пластикасы - бирде туруп сөөгү жок адамды көрсөтсө, бирде туруп сөөктөр кырчылдап сынып кеткендей түр көрсөткөн аткаруусу калыстар тобун таң калтырып, көрүүчүлөрдүн ордунан туруп көпкө чейин кол чабуусуна арзыды. Бийчилердин өнөрүнө күбө болгондордун таң калган жүздөрү видеодон ачык-айкын көрүнүп, соңунда калыстар кубануу менен талантына таазим кылып "алтын баскычты" басып, мекендештерибизди кубандырды.

Алгач Кыргыз бийчилери өздөрүн тааныштырып жатканда Кыргыз Республикасын калыстарга бир нече ирет кайталашса, алардын бийин көрүп жатып калыстар бул сөздү кайталап жатышты. Мыкты даярдык, мыкты форманын айкалышынын натыйжасы бийчи жигиттерди чоң кубанычка бөлөдү.

Asia Got Talent - Борбордук Азиядагы ырчы, бийчи, иллюзионист жана башка өнөрлүү адамдар арасында жаш куракты ылгабай өткөрүлгөн сынак. Аталган шоу 2015-жылдын 12-мартынан баштап Азия өлкөлөрүндө көрсөтүлө баштаган. Анда атаандаштар 100 миң доллар өлчөмүндөгү байгеге ат салышат.

Атай Өмүрзаков жетектеген бул "Адэм" бийчилер тобу сынакта "алтын баскычка" ээ болуп, дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө барууга мүмкүнчүлүк алышты.

Кыргыздын "Адэм" бий тобу калыстарды таң калтырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Jumahmatov
2017-10-13 13:54:38
Эн мыкты аткаруу Азаматсынар
+3
Stervashka
2017-10-13 14:17:54
Сонун,сонун, сонун эн бийик денгээлде аткарышыптыр!Алга, Алга, Алга!
+3
grace
2017-10-13 15:33:06
Менин деле оозума ачылып калды, керемет! Атай куттуктайбыз!
+1
asia_92
2017-10-13 15:58:21
Ваууу супер !!!!!!
+1
O.dembele
2017-10-13 16:07:53
Базар жок
+1
aerforce
2017-10-13 17:50:07
Кыргызстан кайсыл жерде экенин билишпейт мына эми баары уйуно барып гууглга кирген болсо керек кайсыл жер деп азаматсынар жигиттер Кыргыз элин жакшы жак менен таанылткан оркунуор озсун
+2
kyrgyzstan00
2017-10-13 17:54:16
Соз жок !Азаматсынар!!!!Козумо жаш алдым...Оттто кубанычтамын!!!!!
+1
evra_kg
2017-10-13 19:03:13
Каякта болуптур
+1
bosmos77777
2017-10-13 23:03:07
evra_kg,Сингапурда!
+1
sanzhar83
2017-10-13 19:18:17
Азаматтар!!!Соз жок!Онорунор оркундой берсин.Кыргызымдын сыймыктары.
+1
Romantik.
2017-10-13 20:56:37
Толкунданганымдан козго жаш тегеренип кетти
+1
Beka2011
2017-10-14 03:15:04
Азаматсыңар ийгилик каалайм мээнетиңер чоң экен.
+1
jon.as
2017-10-14 04:39:14
Азаматсынар жигиттер! Кыргызстаным алгалай бер, осо бер! Кыргызстандын желегин желбиретип алыска тааныткан талантуу жаштарыбыз кобойр берсин
+1
Ajara_13
2017-10-14 15:31:43
Оо Куттуктайбы
0
toktogul0322
2017-10-15 02:45:30
Супер азаматсынар бар болгула талантынарга таазим!!!
0
sonisoni
2017-10-15 09:46:50
Азаматтар!Алга жигиттер!Ураа!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан