Бишкекте бүгүн, 13-октябрда коомдук ишмер Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүүдө.
Анда Бекназаров: "Коопсуздук кызматы оппозицияны же саясатчыларды куугунтуктабай, өлкөнүн коопсуздугун ойлошу керек. Өлкөдө реалдуу коркунучтар бар. Эгерде шайлоодо тополоң чыгып, жаман окуялар болуп кетсе, анда урматтуу Алмазбек Атамбаев, сиз жоопкер болосуз. Анткени акыркы жылдары өлкөнү сиз башкарып келдиңиз. Биз улуттук идеяны жайылтууну көздөгөн күчтөр өлкөдө баш аламандык кылууга жол бербейбиз", - деп билдирди.
Эскерте кетсек, Азимбек Бекназаров президенттик шайлоого катышуудан баш тартканын 12-октябрда теледебат учурунда билдирген.